• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциянын директорун кабыл алды

Өкмөт 0


Бишкек, 01.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 1-мартта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Канатбек Муратбековду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүму билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ведомствонун учурдагы ишмердүүлүгү жана алдыга койгон пландары талкууланды.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Канатбек Муратбеков маалымдагандай, «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында ведомство тарабынан кичи жана орто ишкерлик субъектилерин электрондук форматта текшерүүгө мүмкүндүк берген тийиштүү программалык камсыздоо иштелип чыккан. Аталган тутум бүгүнкү күндө пилоттук режимде иш алып барууда.

Бул максатта ведомство кызматкерлери үчүн планшеттик компьютерлер сатылып алынган. Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык маалыматтар борбордук серверге жөнөтүлөт.

Канатбек Муратбеков кошумчалагандай, аталган чара ошондой эле бизнес субьектилери менен иш алып барууда коррупциялык тобокелдиктердин алдын алып, аны жоюуга мүмкүндүк берет. Жакынкы арада ведомство аркылуу планшеттик компьютерлердин кошумча комплекти сатылып алынат.

Өкмөт башчы ишкерлерди текшерүү процессинин ачыктыгын камсыздоо зарылдыгын баса белгилеп, ыкчам тартипте аталган программалык камсыздоону «Түндүк» ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүүчү электрондук тутум менен интеграциялоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары, жолугушууда Премьер-министрге өзүнө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишин автоматташтырууну камтыган, ведомствону беш жылдык мөөнөттө өнүктүрүү долбоору сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий