• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаков: Экономиканын туруктуу өсүүсүн сактап, бардык болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткарышыбыз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 31.10.17 /Кабар/. "2017-жылга карата кабыл алынган экономиканын болжолдуу өсүүсү 3,5 % түзүүсү керек. Ошондуктан ушул жылдын 9 айына карата жыйынтыкты эске алуу менен биз экономиканын туруктуу өсүүсүн сактап, бардык болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыз кылышыбыз керек”,- деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ 30-октябрда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн 2017-жылдын январь- сентябрь айларына карата жыйынтыгын талкуулаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы 2017-жылдын 9 айына болгон жакшы жыйынтыкка карабай, бүгүнкү күндө өлкөнүн Өкмөтүнүн алдында кошумча чакырыктар турат -деп белгиледи.

“Өзүңүздөр билгендей Казакстан Республикасы тарабынан бир тараптуу тартиптеги эч кандай алдын ала маалымдоосуз жашыруун бажы көзөмөлүн башкаруу элементи менен чек арадагы көзөмөл күчөтүлдү. Бул сөзсүз түрдө экономикага терс натыйжасын тийгизет. Казакстан тараптын кыймылы маанилүү өлчөмдө Өкмөттүн макроэкономикалык индикаторуна кошкон жетишкендиктерин начарлатышы мүмкүн”,-деп баса белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр, бул чаралар азыр эле тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн темпин жайлатууга алып келүүдө-деп белгиледи. Ушуга байланыштуу Сапар Исаков белгилеп кеткендей, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында болуп жаткан абалдын жыйынтыгында жабыркаган ата мекендик ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү чарасы жөнүндө тиешелүү чечим кабыл кабыл алынды.

Андан тышкары Премьер-министр, жогоруда аталган маселелерди эске алуу менен, Өкмөт зарыл түрдө учурдагы экономиканын ушул темпте өсүүсүн сактап калуу үчүн максималдуу күчүн жумшоо керектигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий