• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков Эл аралык Кызыл Крест комитетинин президенти менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 24.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 23 январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумунун алкагында Эларалык Кызыл Крест комитетинин президенти Питер Мауэр менен жолугушту. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темасы жана мындан кийинки перспективасы талкууланды.

Өкмөт башчы Питер Мауэрге Кыргызстандагы түрдүү гуманитрадык программаларды ишке ашырып жаткандыгы үчүн ыраазчылык билдирди. Премьер-министрдин айтымында Кызыл Кресттин ишмердүүлүгү өлкөнүн калкы үчүн абдан маанилүү жана коомчулуктун ар кандай социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кызыл Кресттин Кыргызстандагы миссиясын кеңейтүү жана эки тараптуу кызматташтыктын чараларын талкуулашты.

Кезигүүнүн соңунда Премьер-министр Сапар Исаков Эларалык Кызыл Крест комитетинин президенти Питер Мауэрди быйыл Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий