• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Исаков Эл аралык Валюта Фондунун миссиясын кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 13 сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Эдвард Джемайель башында турган Эл аралык Валюта Фондунун миссиясын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн милдети «Жаңы доорго кырк кадам» үч багыттан – калктын экономикалык бакубаттуулугу, социалдык жетишкендиги, коопсуз жана жагымдуу чөйрөдөн турган программасын эффективдүү ишке ашыруу болуп саналат. Аны менен катар санариптик трансформация жана ачык мамлекет түзүүдө «Таза Коом» жогорку технологиялык долбоорду ишке ашыруу планы да бар.

«Программа дымактуу бирок реалдуу. Этабы менен мамлекеттик кызматтарды алууда шарттарды камсыз кылуу үчүн киргизилген механизмдер, ошондой эле жалпы биздин жарандардын жашоосун жакшыртуу пландары ишке ашырылат. Биз санариптештирүү жана чечкиндүү тобокелдиктерди азайтуу аркылуу мамлекеттик чыгымдарды мүмкүн болушунча азайтууну пландап жатабыз. Ушундай жол менен биз бюджеттеги кемчиликтерди өзгөртө алабыз. 2018-жылы биздин Өкмөт санариптик болот», — деди өз сөзүндө Өкмөт башчы.

Эдвард Джемайель жакында эле «Кумтөр» кениндеги экологиялык абалды жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Centerra Gold Inc. Компаниясынын ортосундагы Стратегиялык Макулдашууну бизнес коомчулугу өзгөчө шыктануу менен кабыл алгандыгын билдирди.

«Бул абдан маанилүү кадам жана инвесторлор үчүн жагымдуу белги. Бул келишим түз инвестициялардын агымын көбөйтөрүнө ишенебиз. Аны менен бирге биз жаңы Өкмөткө бизнес, жарнама, макроэкономикалык абал, климаттык жана реформалык түзүмдөрдү ишке ашыруу багытында колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Биз ошондой эле «Жаңы доорго кырк кадам» жана «Таза Коом» долбоорлору боюнча да кызматташууга кызыкдар экенибизди билдиребиз», — деди Эдвард Джемайель.

«Бизнестик климатты жакшыртуу Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Макулдашууга кол коюлгандан баштап «Centerra Gold Inc» компаниясынын акциясы 22% өсүп, аны менен Кыргыз Республикасынын пакетинин баалуулугу да жогорулады. Биз бул маалыматты рыноктон жакшы белги катары кабыл алдык», — деди Сапар Исаков. Ал Өкмөткө жогору баа берип, колдогондугу үчүн делегацияга ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий