• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков Эл аралык жарандык авиация уюмунун аймактык эксперти менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 12.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн, 12-апрелде, Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) Европа жана Түндүк Атлантика кеңсесинин учуулар коопсуздугу боюнча аймактык эксперти Аркадий Меркулов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Жолугушуу Өкмөт башчынын Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында ИКАО Баш катчысы Фан Лю менен 2018-жылдын 24-январындагы макулдашуусунун жыйынтыгы боюнча болуп өттү.

Тараптар атамекендик жарандык авиация тармагын өнүктүрүү маселесин талкуулады. Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө аталган тармакты өркүндөтүү боюнча активдүү чаралар кабыл алынууда.

Анын айтымында, жарандык авиация тармагын реформалоонун жүрүшүндө квалификациялуу кадрлардын жана аталган багыт боюнча экспертизанын жетишсиздиги маселеси курч турууда. Буга байланыштуу Сапар Исаков ИКАО менен авиациялык тармак кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана жалпы тармакты өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

ИКАО аймактык эксперти Аркадий Меркулов учурда Уюмдун ишиндеги негизги артыкчылык учуулардын коопсуздугун камсыздоо болуп саналаарын белгиледи.

Ал мындан ары өнүгүүсү үчүн түзүмдүк өзгөртүүлөргө муктаж болгон өлкөнүн авиациялык тармагынын кенен келечегин баса белгиледи. Аркадий Меркулов Өкмөт башчыга өлкөнүн учурдагы абалынын анализи жана авиацияны өнүктүрүү аркылуу экономикалык өсүүгө жетүү чаралары камтылган бетачарын тартуулады.

Анын айтмында, ИКАО Кыргызстанга авиация жаатындагы кызматкерлерге ар түрдүү тренингдерди жана окутуу иш чараларын өткөрүү үчүн эксперттик деңгээлде көмөк көрсөтүүгө даяр.

Премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү жана өлкөдөгү авиацияны өнүктүрүү боюнча консультация берүүсү үчүн анын курамына ИКАОнун өкүлдөрүн киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий