• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Исаков Ереванда Сагинтаев менен жолугушат - өкмөт

Саясат 0

Бишкек, 24.10.17 /Салтанат Абдраева –Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Ереванда ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушат. Бул маалыматты өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов ырастады.

Ал билдиргендей, жолугушуунун алкагында тараптар эки жактуу мамилелерди жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат.

Ал арада, khabar.kz казак агенттиги Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановго таянып, жолугушууда тараптар 18-октябрда Астанада жетишилген макулдашуулар боюнча чекит коюшарын билдиришти.

Анын айтымында, Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда жол картасын түзүү иштери уланууда. Документтин Ереванда эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу учурунда кабыл алынышы күтүлүүдө. “Биз жакынкы күндөрү биздин премьер-министрлер Ереванда ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынынын алкагында жолугушуп, 18-октябрда Астанада жетишилген макулдашуулар боюнча чекит коюшарын болжоп жатабыз”,- деди Абрахманов.

Белгилей кетсек, бүгүн Сапар Исаков Ереванга ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен учат.

Пикир

Оставить комментарий