• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков ЕРОБ өкүлдөрү менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 20 декабрда, Евро реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү ЕРОБдун Борбор Азия жана Россиядагы директору Наталья Ханженкова жана Турция, Кыргыз Республикасы, Румыния жана Азербайджандагы директору Таскин Темиз менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр тараптар ортосундагы карым-катнаш өтө бийик деңгээлде экендегинин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Жаны доорго кырк кадам» 2018-2023-ж жаңы программасын иштеп чыгаргандыгын жана анын ичинде КР Өкмөтү жана өнөктөштөр ортосундагы үч программанын ишке ашышы эң артыкчылыктуу болуп саналат деп белгиледи. Алар: санариптик трансформациялоо «Таза коом» программасы, таза суу менен камсыз кылуу «Таза-Суу» программасы жана жаңы сугат жерлерин киргизүү «Ирригация жана суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү».

«Өкмөттөн «Жаны доорго кырк кадам» жаны Программасын өнүктүрүүдө биздин эл аралык өнөктөштөр активдүү кошулуп, ошого байланыштуу биз ошол Программанын проектерин натыйжалуу координациялоого жетиштик», – деп айтты Сапар Исаков.

Өкмөт Башчы, «Таза коом» проектиси аркылуу өлкө натыйжалуу бизнес-долбоорлорго жетишерин, алар өз учурунда өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө алып келет деп белгиледи.

Наталья Ханженкова Премьер-министрди жолугушуу үчүн ыразычылыгын айтып, өлкөдө чоң жагымдуу өзгөрүүлөр болгондугун өзгөчө белгилеп кетти.

Премьер-министр Сапар Исаков КР Өкмөтүнүн келечектеги приоритеттүү багыттарындын катарында энерго натыйжалуулукту жана көмүр эмес энергетиканы өнүктүрүүнү көтөрүүгө багытталган энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү көрөт.

Бул тармактагы өнүгүүлөр бар жана алар жакшы көрүнүп турат. Ошондой эле Премьер-министр Улуттук энергохолдингде ички системаны реформалоо боюнча чоң иштер болуп жатат деп белгиледи. Андан тышкары Улуттук энергохолдинг жана Газпром компаниясы биргелешкен иш алып барууда.

Премьер-министр Кыргызстандын авиация тармагында чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

«Кыргызстанда аэропортторду өнүктүрүү керек. Жана биз аркылуу учууга мүмкүн болуш үчүн, бул тармакка инвесторлорду тартуу боюнча чоң иштерди жүргүзүп жатабыз. Бул чөйрөдө иштейм деп кызыккан авиакомпанияларга конкурс уюштуруш керек. Өлкөдө эаропортторду өнүктүрүп, жүк ташуучу жана жүргүнчү ташуучу агымды көбөйтүү керек», – деди Премьер-министр Сапар Исаков.

ЕРОБ өкүлү өлкөдөгү перспективдүү долбоорлорду ишке ашырууда жардам берүүгө даяр экенин жана алардын өзүн актагандыгы аябай маанилүү экендигин белгилеп кетти.

Жыйынтыгында Премьер-министр дагы бир жолу ЕРОБ Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин жана ал маанилүү өнөктөшү бойдон кала берээрин белгилеп, Кыргыз Республикасы жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы менен мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишенээрин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий