• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков Европа Парламентинин байкоочулар миссиясы менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 14-октябрда, депутат Лайма Андрикиене башында турган Европа Парламентинин байкоочулары миссиясы менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата уюштуруу ага даярдык көрүү иштери жана Кыргызстан менен Европа биримдигинин эки тараптуу кызматташуусу тууралуу талкуулашты.

Өкмөт башчы Европа Парламентинин делегациясына өлкөдөгү өтө турган шайлоо өнөктүгүнө мониторинг жүргүзгөндүгү, анын даярдыгына байкоо салгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Премьер-министр ошондой эле ЕБ өлкөдөгү демократиялык башталышты колдогондугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан туруктуу түрдө демократиялык институтту бекемдей турганын кошумчалады. Ага мисал катары былтыр бардык бийлик бутактарын теңдеген Конституциялык реформа болгонун айтып өттү.

Сапар Исаков Кыргызстанда шайлоо жараянынын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн биометрикалык добуш берүү системасы киргизилгенин билдирди. Бул иш-чара шайлоо жыйынтыктарын бурмалоого болгон жагдайлардын алдын алып, ошондой эле тез арада алдын-ала жыйынтыктарды алууга шарт түзүп, мүмкүн болушунча, калктын шайлоого катышуусунун реалдуулугун көрсөтөт.

Мындан сырткары Премьер-министр Өкмөт өлкөдөгү «ВСП+» макамын алган азыктардын сапатын жогорулатууга максималдуу күчүн жумшай турганын билдирди.

Ошондой эле Сапар Исаков Европага жана Перс булуңундагы өлкөлөргө товар ташууну жолун кыскарта турган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунунун курулуш долбоору тууралуу да маалымат берди.

Мындан сырткары Өкмөт башчы кыргыз-казак чек арасындагы абалга тынчызданып жатканын билдирди. Ал казак тараптын көзөмөл өткөрүү пункттарындагы күчөтүү режимине байланыштуу узакка созулган кезек күтүүлөр болуп жатканын айтып жыйынтыгында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен жөнөкөй жарандар жабыр тартып жатканына токтолду.

Европа Парламентинин өкүлдөрү ЕБ өлкөдөгү шайлоонун жүрүшүн кылдат байкоого ала турганын айтты. Алар Кыргызстан демократиялык өлкө экенин айтып, аймакта азыркы Өкмөттүн «Таза Коом» Программасы жакшы пикир калтырып жатканын кошумчалады.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, аталган долбоор коррупцияны жоюуда, мамлекеттик чыгымдарды сарамжалдуу пайдаланууда жана улуттук экономиканы көтөрүүдө жакшы натыйжа берет.

«Биз «Таза Коом» Программасын үч жылда бүтүрөбүз деп, ойлоп жатабыз. Анын ири компоненттерин ишке ашыруу үчүн бизнес инвестиция тартуу каралууда», – деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы аталган долбоорду ишке ашырууда Евробиримдиктин программалык, техникалык жана консультативдик жактан көмөк көрсөтүүгө ишеним артарын билдирди.

Маалымдама: КР Президенттигин шайлоого байкоочулук кылууга Европа Парламентинин 11 өкүлү атайын каттоодон өткөн.

Пикир

Оставить комментарий