• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков Финляндиянын парламенттик делегациясы менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 19.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 18-январда, депутаттар Вилле Скиннари жана Кари Кулмала башында турган Финляндия Республикасынын парламенттик делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу темалары талкууланды.

Өкмөт башчы Финляндиянын парламенттик делегациясынын Кыргызстанга сапары эки тараптуу кызматташтыктын активдешүүсүнүн күбөсү катары саналаарын баса белгиледи.

Премьер-министр өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары карай чыңдоо зарылдыгын белгилеп, кыргыз тарапка Финляндиянын демократиялык институттарды өнүктүрүү жана жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырууда инвестицияларды тартуу жаатындагы тажрыйбасы кызыкчылык туудураарын билдирди.

Премьер-министр билдиргендей, орто мөөнөттүү келечекте Өкмөт «Таза Коом» улуттук долбоорун ишке ашыруу алкагында өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишин санариптештирүүгө жана оптимизациялоого, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү тутумун автоматташтырууга умтулууда.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан мындан ары карай дагы өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөрдү чыңдоого багытталган иш-чараларды ырааттуу түрдө өткөрүүгө ниеттенүүдө.

«2017-жылы Кыргызстанда Президенттик шайлоолор болуп өттү, ал эл аралык байкоочулар жана алдыңкы саясий күчтөр тарабынан таанылды.Анын негизги өзгөчөлүгү катары жарандардын биометрикалык маалыматтарын пайдалануу менен шайлоо жыйынтыгын бурмалоо тобокелдигин жоюуга мүмкүндүк түзүлдү. Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча көлөмдүү иш аткарылды, натыйжада, өлкөдө санариптик экономиканы өнүктүрүү үчүн негиз түзүлдү», - деди Сапар Исаков.

Премьер-министр Финляндиянын билим берүү, саламаттык сактоо жана алдыңкы инновациялык технологиялар жаатындагы тажрыйбасын иликтөөүчүн атамекендик адистерди жөнөтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Буга катар Өкмөт башчы учурда Кыргызстан тоо тектеринин үлгүсү – кернди сактоого жана иштетүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап керн жана пробосактагычтардын курулушуна муктаж болуп жаткандыгын белгиледи. Буга байланыштуу ал финляндия тараптан мындай сактоочу жайларды биргелешип куруу мүмкүндүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Ошондой эле Премьер-министр Кыргызстандын «Жалпы жеңилдиктер тутуму Плюс» (ВСП+) макамы алкагында Финляндия менен соода мамилелерин активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Финляндия Парламентинин депутаты Вилле Скиннари эки тараптуу мамилелерди, анын катарында өлкөлөр ортосундагы парламенттик байланышты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, Борбор Азия аймагы жалпысынан алганда Финляндиянын тышкы саясатындагы стратегиялык багыттардын бири болуп саналат.

Вилле Скиннари маалымдагандай, парламенттик делегациянын Кыргызстанга сапарынын алкагында өлкөнүн бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилиги менн жолугушуулар өткөрүлгөн, алардын жүрүшүндө ар кыл программаларды биргелешип ишке ашыруунун келечектери кенен талкууланган.

Ал Финляндия үчүн эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары катары туризм, билим берүү жана энергиянын жаңыланып туруучу булактары эсептелээрин баса белгиледи.

«Жакынкы келечекте Финляндия Борбор Азия мамлекеттери менен түз авиакаттамдарды ачуу үстүндө иш алып барат, анткени аталган аймак чоңтуристтик мүмкүнчүлүктөргө ээ», - деди Вилле Скиннари.

Ошондой эле ал Финляндия Парламенти кыргыз тараптын өлкөдөгү демократия институттарын чыңдоо жана санариптик коомду куруу демилгесин колдоого даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий