• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исаков Япония Өкмөтү жана КРдагы БУУ агенттиктери ортосундагы алмашуу ноталарына кол коюу салтанатына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 6-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура, Кыргыз Республикасындагы БУУ Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү Юкиэ Мокуо жана Борбор Азиядагы БУУ Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Аймактык өкүлү Ашита Миттал ортосундагы алмашуу ноталарына кол коюу салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Натыйжада, Япония Өкмөтү БУУ Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана БУУ Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан ишке ашырылчу эки программаны: «Трансулуттук кылмыштуулукка, терроризмге жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу» жана «Эне жана баланын ден-соолугун коргоо тутумун чыңдоо» программасын ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 6.2 миллион долларды бөлмөкчү.

Сапар Исаков өз сөзүндө Япония Өкмөтүнө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, аталган келишим алкагында ишке ашырылчу программалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттары менен үндөш экендигин билдирди. «Сиздерге белгилүү болгондой, Өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын маанилүү компоненттеринин бири саламаттыкты сактоо жана калктын ден-соолугун чыңдоо жаатындагы инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат. Ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыздоого чоң маани берилет, анткени, көбүнэсе наркотрафик чектеш мүнөзгө ээ».

«Аталган программаларды ишке ашыруу баңгизаттын жана баңгизаттан көзкарандылыктын жайылтылышы менен күрөшүүү, саламаттык сактоо кызматтарын камтууну кеңейтүү, сергек жашоо мүнөзүн киргизүү жана башка маселелер боюнча 2030-жылдын күн тартибин туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарга жетүү жолунда Кыргызстанды алдыга жылдыруудагы салым кошот», – деди Премьер-министр.

Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамуранын айтымында, «Япония Кыргызстан менен көзкарандысыздыкка ээ болгон күндөн баштап достук мамилени бекемдөөсүн улантып келет. Биздин өлкө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана өлкөнүн жарандарына демократияны орнотууда ар дайым колдоо көрсөтүп келген. ЮНИСЕФ жана Баңгизат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыктын мурдагы долбоорлорунун жыйынтыктарын баалап, биз аталган долбоорлор Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын жакшырууга көмөк көрсөтөт деп үмүт кылабыз».

Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуо программа эне жана балдардын өлүмүн кыскартуу жана саламаттык сактоо кызматы менен универсалдуу камтуу боюнча күч-аракеттерди колдоого багытталганын белгиледи.

«Өлкөнүн коопсуздугуна, башкаруусуна жана жарандардын ден соолугуна түздөн-түз таасирин берген баңгизаттарды сатуу рынокторунун динамикалуу өнүгүп жатышынан улам келип чыккан өлкөнүн алдындагы көйгөйлөрдү чечиш үчүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы турган тутумду түзүү абдан маанилүү. Бул аракеттер 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүүгө жардам берет», – деп белгиледи өз кезегинде Борбор Азиядагы БУУ Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Аймактык өкүлү Ашита Миттал.

Пикир

Оставить комментарий