• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Исаков: Илим гана өлкөнү жаркын келечекке алып барат

Коом 0

Бишкек, 10.11.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Илим гана өлкөнү жаркын келечекке алып барат. Бул тууралуу Илимдер Академиясында Илим күнүнө карата өткөрүлүп жаткан салтанаттуу иш – чаранын жүрүшүндө КР премьер-министри Сапар Исаков билдирди.

“Бүгүн сиздердин майрам жана сиздерди ушул күн менен куттуктагым келип турат. Кыргызстандын келечеги жана өнүгүүсү дал сиздердин көз каранды. Эгерде сиздер бирге биргеликте иштесеңиздер, келечекте көп нерсеге жетишебиз.

Биздин “Жаңы доорго кырк кадам” долбоорубузда дал ушул илим өлкөнү жаркын келечеке алып келет “Из калтыруучу илим” деп айтылат. Эгерде биз “Таза коом” долбоорун ишке ашырсак, анда, паракорчулукту жок кылабыз, бардыгы автоматташтырылып, коррупциялык схема жоголот. Келечекте көп каражат түшүп турат. Бирок, мунун бардыгын сиздердин жардамыңыздарсыз ишке ашыра албайбыз. Көпчүлүгү сиздердин жана сиздердин жумушуңуздардан көз каранды болот”,-деп Исаков окумуштууларга кайрылды.

Иш-чаранын алкагында өкмөт башчы Улуттук илимдер Академиясы тарабынан уюштурулган көргөзмөгө да катышты.

Пикир

Оставить комментарий