• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Исаков Investment Corporation of Dubai аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 13.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Дубайдын Инвестициялык корпорациясынын (Investment Corporation of Dubai) аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле финансы, кыймылсыз мүлк, өнөр жай, энергетика жана транспорттук коммуникация тармагындагы айрым долбоорлорду талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Дубайдын Инвестициялык корпорациясы тарабынан жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашуусу орун алды, аталган корпорация өкүлдөрү өлкөгө рынокту жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү иликтөө жана потенциалдуу долбоорлор менен дыкаат таанышуу жана өнөктөштөр менен жолугушуу иретинде келишмекчи.

ICD корпорациясы бизнес-сегменттин кеңири чөйрөсүнө инвестициялайт: корпорациянын финансылык секторуна Дубайдын Улуттук Банкы, Дубайдын Ислам банкы кирет, ошондой эле корпорация Nasdaq Dubai, Borse Dubai акцияларынын маанилүү бөлүгүнө ээ; ICD компаниясынын транспорттук сектордогу инвестициясы өзүнө үч компаниянын камтыйт, алар Emirates авиалиниялары, dnata авиа кызмат провайдери, Дубай аэрокосмикалык ишканасы жана Fly Dubai менен биргеликте иш алып барышат.

Ошондой эле корпорация энергетика, өнөр жай жана кыймылсыз мүлк тармагына инвестициялайт.

Пикир

Оставить комментарий