• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков: “Кийинки жылы биз санариптик өкмөт болууну каалайбыз”

Коом 0


Алматы, 02.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР өкмөт башчысы Сапар Исаков “Ааламдашуу заманындагы санариптик күн тартип” форумунун алкагында өлкөнүн санариптик трансформациясы жөнүндө айтып берди.

Ал билдиргендей, сараниптик күн тартипти жүзөгө ашыруу бардык аракеттерди биргелештирүүгө жана көзөмөлдөгөө мүмкүндүк берет. Өкмөт башчысы билдиргендей, бул аймактык өнүгүүлөр, коопсуздук, экономикалык өнүгүү, атаандаштыкты жогорулатуу, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коомдук тынчтыгын жогорулатуу болушу мүмкүн.

“Биздин санарипке бир жыл да боло элек, бирок биз чоң секирик жасадык. Кызматтарды көрсөтө турган тиешелүү мамлекеттик портал түзүлдү. Биздин оюбузча бир жылдын ичинде ал жакта дээрлик 200 кызмат пайда болот. Секирик болду. Биз калктын биометрикалык маалыматтарын киргиздик. Калктын дээрлик 80% биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Порталда ар бир жарандын өзүнүн жеке жайы болот. Мына ушул жерде коопсуздук маселеси турат. Мунун үстүндө ойлонушубуз керек. Биз өзүбүздүн өлкөдө тиешелүү мыйзамды иштеп чыктык”,-деп билдирди ал.

Исаков билдиргендей, мыйзамда маалыматтык купуялуулугу жазылган.

Ошондой эле өкмөт башчы форумда министрликтер, ведомство жана жеке компанияларды бириктирип турган “Түндүк” системасы тууралуу айтып берди.

“Мисалга алсак, насыя алууну каалаган адам мурда көптөгөн кагаздарды чогултуш керек болчу. Биз аны жок кылдык. Эми болсо жарандар жөн гана анын маалыматтарын колдонууга макулдук берет, банк болсо башка керек болчу маалыматтардын бардыгын чогултат”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий