• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда премьер-министр Сапар Исаков экономика тармагындагы даярдык графигин сактоо жана калктын 2017-2018-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүүсүнө көңүл бурууну милдеттендирди.

«Ар бир аймакта түзүлгөн облустук штабдар калктын жана бюджеттик уюмдардын өз убагында көмүр менен камсыз болушуна өзгөчө көңүл бурушу керек. Аны менен бирге көмүр базалары мурдагы нөөмөт боюнча, көмүрдүн баасын көтөрбөстөн иш алып барышы керек. Көмүрдүн баасынын көтөрүлүшү боюнча чагымчылдыкка жол берилиши мүмкүн эмес», – деди Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий