• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россияга ташылып жаткан жүктүн 80% дагы контрабанда болуп жүрбөсүн?! - Исаков

Өкмөт 0

Бишкек, 03.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 3-ноябрда, Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги кеңейтилген курамдагы жыйынында сөз сүйлөдү жана кыргыз-казак жана орус-казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга тийиштүү маселелерди козгоду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Төмөндө Өкмөт башчынын сүйлөгөн сөзү:

«Үстүбүздөгү жылдын апрель айында кыргыз тарап 2013-жылдын 31-майындагы Өзбекстан Республикасы жана анын тараптары аралык эркин соода аймагы жөнүндө келишимди пайдалануу жөнүндө Протоколду ратификациялаган, натыйжада Шериктештиктин аймагында соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана Келишимге мүчө-мамлекеттердин чөйрөсүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттар түзүлгөн.

КМШга мүчө-мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн, ошондой эле өз-ара сооданы өнүктүрүүнүн маанилүү шарты катары Келишим мүчөлөрү тараптан өзүнө алынган милдеттенмелердин аткарылышы эсептелет.

Тилекке каршы, учурда Шериктештиктин айрым мамлекеттери тарабынан товарларды эркин транзиттөө принцибинин аткарылбагандыгына байланыштуу эркин аймактын иштөөсү тууралуу айтуу кыйын.

Буга байланыштуу мен кыргыз-казак, ошондой эле орус-казак мамлекеттер аралык чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымдагым келет.

Кыргызстан жана Казакстан аралык жарандардын өз-ара өтүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү тууралуу иштеп жаткан келишим жана макулдашууларга, КМШ эркин соода аймагы жөнүндө келишимдердин алкагындагы милдеттенмелерге, Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге, ошондой эле ДСУ соода жана тарифтер жөнүндө Башкы келишимге карабастан, казак тарап өзүнүн транзиттик артыкчылыгынан пайдаланып, 2017-жылдын 10-октябрынан тарта Казакстандын аймагы аркылуу өтүүчү кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандарга, жүк ташуучуларга кыргыз-казак, ошондой эле орус-казак мамлекеттик чек арасында жасалма тоскоолдуктарды түзө баштаган.

Казак тараптагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында чек арадан өтүүдө кыйынчылыктарга дуушар болгон жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталган. Күн сайын 500 дөн 600 гө чейинки жүк ташуучу унаалар кезекте турат.

Бир унаанын чек арадан өтүүсү үчүн атайы бажы терминалдарда транзиттик жүктөрдү негизсиз тыкыр текшерүүгө алууларды эсепке албаганда, болжол менен 5 сутка керектелет.

Казак тарап кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде киргизилген чектөөлөргө ар-кыл далилдерди, негиздемелерди, анын ичинде контрабанданы да келтирүүдө.

Кыргыз Республикасында өстүрүлгөн айыл чарба продукциясынын (картөшкө, пияз, кара өрүк, жүзүм), же Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү тизимине кирген ишканалардын Казакстан Республикасынын рыногуна ташылган сүт продукциясынын 20% ын контрабанда деп атоого болобу? Балким Россия Федерациясына ташылып жаткан жүктүн 80% дагы контрабанда болуп жүрбөсүн?!

Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн пломба менен жана эл аралык соода келишимдери алкагында келген темир жол вагондорун кармоо жана текшерүү фактылары пайда болууда. Алсак, Кыргыз Республикасынын ишкерлери Казакстан Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитетинен биздин ишкерлердин Казакстан Республикасына барып, жүктөрдү: цитата “тыкыр (толук) бажы текшерүүдөн” өткөрүү зарылдыгы тууралуу эскертүү алууда. Баса белгилесем – ал Европадан келген транзиттик жүктөргө да тийишитүү болууда.

Же Кыргыз Республикасына багыт алган бардык жүктөр заматта контрабанда болуп калдыбы?

Бүгүн бардыгыбызга белгилүү болгондой, Казакстан Республикасынын компетенттүү органдарынын мындай негизсиз аракеттерине кыргыз жүк ташуучулары гана эмес, Кыргыз Республикасына транзиттик багытта бара жаткан башка мамлекеттердин да ишкерлери дуушар болууда.

Жасалма тоскоолдуктардын түзүлүшү ишкерлердин убактысынын жана каражатынын коромжолунушуна алып келүүдө жана интеграциялык бирикменин негизги талаптарына - товарларды, тейлөөлөрдү, адам ресурстарын жана капиталды эркин ташууга каршы келет, натыйжада интеграциялык максаттын негиздерине – өлкөдөн көз карандысыз түрдө, жарандардын сапаттуу жашоо деңгээлин камсыздоого доо кетет!

Ошентип, Кыргызстандын жана Казакстандын, ошондой эле үчүнчү мамлекеттин да ишкерлери чыгашага тушугууда.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргыз чек арасында айдоочуларды ысык тамак, медициналык тейлөө менен камсыздоо жана башка тийиштүү көмөк көрсөтүү жолу аркылуу абалды татаалдаштырбоо жана турукташтыруу боюнча бардык чараларды кабыл алууда.

Белгилей кетсем, Казакстан тараптан кабыл алынган чаралар эл аралык укук ченемдерине, учурдагы эки тараптуу кыргыз-казак келишимдерине, ошондой эле Кыргызстан жана Казакстан мүчө болуп эсептелген интеграцияялык бирикмелер алкагындагы жоболорго карама-каршы келет.

20 күндөн ашуун убакыттан бери чек арадагы абал өзгөрүлбөстөн калууда, бул Кыргыз Республикасын ДСУ жана ЕАЭБ уставдык органдары алкагында расмий териштирүү үчүн кайрылууга мажбур кылууда. Белгилесек, 10-ноябрда бул маселе ДСУ алкагында соода боюнча комитетте каралат.

Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү казак тараптан киргизилген көзөмөлдүн күчөтүлгөн чаралары убактылуу мүнөзгө ээ экендигине жана бул маселени бир туугандык жана жакын коңшулук мамилелердин алкагында чечилээрине ишеним билдирет.

Пикир

Оставить комментарий