• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков КМШ ӨБК кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ташкентке келди

Өкмөт 0

Бишкек, 02.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-ноябрда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Ташкент шаарындагы Эл аралык аэропортто Өкмөт башчы Сапар Исаковду Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Нодир Отажонов тосуп алды.

Премьер-министри Сапар Исаковдун КМШ кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болору күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, КМШ уставдык органдарындагы КР туруктуу өкүлү Кубанычбек Омуралиев, экономика министри Артем Новиков, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, байланыш жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов, чек ара маселелери боюнча КР Өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров, Премьер-министрдин кеңешчиси Гульнура Торалиева, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков бар.

Пикир

Оставить комментарий