• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаков Кочкор районунун аймактык ооруканасынын жана Кара-Тоо айылынын орто мектебинин абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 6-октябрда, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында Кочкор районун аймактык ооруканасынын абалы менен таанышты. Бул оорукана Кочкор районунун 70 миң жашоочусун тейлейт жана 119 орун менен чектелген. Ооруканада реанимация, хирургия менен чогуу бардык зарыл болгон медициналык бөлүмдөрдү кошкондо 240 медицина кызматкери иштейт.

Өкмөт башчысы оорукананын стационардык мекемелери менен чогуу оорукананын бөлүмдөрүн карап чыгып, бейтаптар жана кызматкерлер менен маектешти.

Премьер-министр оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө капиталдык ремонт жүргүзүүнү, хирургия бөлүмүнүн имаратына лифт орнотууну, жаңы флюрографиялык аппаратты алууну, ошондой эле дефектик актыны жүргүзүүнү жана оорукананын тегерегиндеги айлананы жакшыртууну, асфальт төшөөнү тапшырды.

Аймактардагы көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын сапатын жакшыртып, жаш адистерди ишке тартуу керектигин жана бул оорукана аймакта үлгү болуп калаарын белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр Кара-Тоо айылындагы 1926-жылы курулган авариялык абалдагы орто мектепте да болду. Азыркы учурда бул мектепте 400дөн ашык окуучу билим алат, окуу имаратынын тардыгына байланыштуу 300гө жакын окуучу район борборундагы мектепке барып окушууда.

Өкмөт башчы Кочкор районудагы эң эски делген мектепке барып, тийиштүү мамлекеттик кызматтарга тез арада мектепти куруу үчүн жер участокторунун трансформациялоону тапшырды.

Ошондой эле Сапар Исаков окуучулар менен баарлашып, мугалимдерди кечээки кесиптик майрамы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий