• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков кол койгон “Кумтөр” боюнча макулдашуу КРнын кызыкчылыктарын толук кандуу коргой албайт – өкмөт башчы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Кыргыз өкмөтү мурдагы премьер-министр Сапар Исаков тарабынан кол коюлган “Кумтөр” боюнча макулдашуунун стратегиясы мамлекеттин кызыкчылыктарын толук кандуу колдобойт деп эсептейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, ал жакында Centerra Gold Inc. Компаниясынын башкы аткаруучу директору Скот Перри менен сүйлөшкөн.

“Мен аны сатуу тууралуу маалымат тарагандыгы үчүн чакыргам. Сүйлөшүү учурунда биз үч теманы карап чыктык. Биринчиси – “Кумтөрдүн” өнүгүшү, көбүнчө кенде дагы канча алтын казылып алынары тууралуу. Бул жагынан жакшы жаңылыктар бар. Эгер мурда 14,5 тонна калгандыгы айтылып келсе, бүгүн 16 тонна бар экендиги белгилүү болду. Экинчи маселе геологиялык чалгындоого байланыштуу болду. Көптөн бери изилдөө иштери жүргүзүлбөй келет. Үчүнчү маселе Centerra Gold Inc. Компаниясын сатуу тууралуу. Ал мага бир нече компаниялар кайрылгандыгын билдирди. Бул практикада нормалдуу көрүнүш. Сурамдар ийгиликтүү компаниялардан түшүүдө. Перри конкреттүү сунуштар түшпөгөнүн, сүйлөшүүлөр болбогонун айтты. Эгер болсо, бизге негизги акционер катары маалымат беришет”, - деди ал.

Андан сырткары өкмөт башчы дивиденттер боюнча маселе Сапар Исаков кол койгон стратегиядан көз каранды экенин белгиледи.

“Бизде стратегия күчүнө кириши үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин кызыкчылыктар жетишсиз деңгээлде корголгон деп эсептейбиз. Биз Кыргызстандын кызыкчылыктарын күчөтүүнү каалап жатабыз. Башкача айтканда, алар бизге көбүрөөк акча төлөнүшүнө аракет жасайбыз, себеби бул жерде экология көйгөйлөрү дагы бар. Биз буга чейинки макулдашууга макул эмес экендигибизди айтып жатабыз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий