• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаков: “Коопсуз шаар” долбоору толугу менен 3 жыл ичинде ишке ашат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.08.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Премьер-министр кызматына талапкер Сапар Исаков “Коопсуз шаар” долбоору 3 жылдын аралыгында толугу менен ишке ашат деп ишенет.

Көпчүлүк коалициясынын жыйынынын жүрүшүндө, “Коопсуз шаар” долбоору качан ишке ашат деген суроого кызыгышты.

Исаков, Ош, Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында долбоорду жүзөгө ашыруу баштала тургандыгын айтты.

“Бишкектин эки көчөсү сынамык режимде колдонулат. Биз анын жакшы жана жаман жактарын көрүшүп, кошумча кандай керектүү техникаларды тартуу керек экендигин көрүшүбүз керек”,- деп кошумчалап, “Коопсуз шаар” долбоору 3 жыл ичинде ишке ашаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий