• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков: Коронавирус жаңы аныкталган алты адамдын үчөө эркек, үчөө аял

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Коронавирус жаңы аныкталган алты адамдын үчөө эркек, үчөө аял. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн ал коронавирус умрадан келген дагы алты адамдан аныкталганын билдирди – Баткен районунда бирөө, Сузакта бешөө. Учурда коронавирус жуктургандардын саны 12 кишиге жетти. Алардын алтоо эркек жана алтоо аял кишилер. Коронавируска чалдыккандардын кичүүсү 45 жашта болсо улуусу 75 жашта.

18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар да Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий