• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков: КР өкмөтүнүн башкы милдеттеринин бири – жеке инвесторлорду тартуу

Өкмөт 0

Бишкек, 15.12.17. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Кыргызстандын өкмөтүнүн ишиндеги башкы милдеттеринин бири – мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизиндеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеке инвесторлорду тартуу. Бул тууралуу “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу Кыргыз Республикасына жеке инвесторлорду тартуу” тегерек үстөлүндө КР премьер-министри Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, бул максатты ишке ашыруу үчүн мыйзам базасын жакшыртып, аларды жүзөгө ашырууну иштеп чыгуу керек.

Министрлер кабинентинин башчысы талкуудагы тема өкмөттүн күн тартиби үчүн абдан маанилүү экенин, бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өкмөт менен бизнестин жалпы кызыкчылыктары болушу керектигин белгиледи.

“Биз бул практиканы ишке ашырууну шарттаган мыйзам иштеп жатабыз. Өкмөт тарабынан бул темага чоң көңүл бурулат. Биз инвесторлор Кыргызстанга эмне үчүн активдүү келбей жатышканын изилдеп, кошумча чараларды көрөбүз”, - деди Исаков.

Ал ошондой эле Кыргызстанда МЖӨнү өнүктүрүү өкмөттүк “Жаңы доорго кырк кадам” программасында каралганын кошумчалады. Бул программанын алкагындагы алгачкы кадамдардын бири – Инвестицияларды илгерлетүү агенттигинин түзүлүшү болду.

Тегерек үстөл Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) тарабынан демилгеленип, уюштурулган. Анын катышуучулары – КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин (мектептер боюнча), Бишкек мэриясынын (бала бакчалар боюнча), КР Экономика министрлигинин, Инвестицияларды илгерлетүү агенттигинин, Каржы министрлигинин жана башка ведомстволордун жумушчу топтору.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө МЖӨ добоорлору боюнча дүйнөлүк тажрыйбалардын мыктылары мисалга келтирилип, аларды Кыргызстанда киргизүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын максаты Кыргызстанда МЖӨнү колдоо жана өнүктүрүү. Учурда мектептерди куруу, “Манас” аэропортун кайра курууга эл аралык инвесторлорду тартуу, энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүндүктөрү талкууланууда.

Пикир

Оставить комментарий