• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Исаков: Кылымдар карыткан тарыхыбызда кыргыз аялдары кайратмандык менен күрөшүп келген

Өкмөт 0

Бишкек, 08.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков жалпы аялзатын 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратанын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Кымбаттуу аялзаты,

Сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыздар!

Кылымдар карыткан тарыхыбызда кыргыз аялдары үй-бүлөлүк очокту сактоо, бала тарбиялоо сыяктуу негизги милдети менен катар эркектер менен бирдикте өлкөнүн көзкарандысыздыгы жана улуттун гүлдөп-өнүгүүсү үчүн жанын аябастан кайратмандык менен күрөшүп келген.

Бардык доорлордо биздин акылман жана иш билги Каныкей, Курманжан Датка, Уркуя Салиева, Керимбүбү Шопокова, Зууракан Кайназарова сыяктуу аялзаттарыбыз мамлекеттүүлүктүн чыңдалышына активдүү салымын кошуп келген. Алар турмуштун бардык катмарында маанилүү орунду ээлеген.

Жаңы санариптик технологиялар жана ыкчам өзгөрүүгө дуушар болуп жаткан заманда кыргыз коомундагы аялдардын ролу мурдагыдай эле терең жана маанилүү. Сиздер коомдогу чоң күч катары эркектерди чоң эрдиктерге шыктандырасыздар.Бүгүнкү күндө республикада ар-бириңиздер жеке мүмкүнчүлүктөрүңүздөрдү ишке ашырууңуздар, кесиптик жана коомдук ишмердүүлүктө жогорку бийиктиктерди багындырууңуздар үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгү маанилүү.

Буга катар биздин асылкеч эне-эжелерибиздин көптөгөн милдеттеринин катарына жаш муундучынчылдык, боорукердик, алга умтулуу, эмгекти сүйүү жана патриоттуулук сыяктуу баалуулуктарды сиңирүү менен тарбиялоо милдети кирет.

Балага тарбия берүү – бул талыкпас эмгекти талап кылат, ал үчүн сиздердин алдыңыздарда таазим этем! Жалпы адамзаттык баалуулуктардын негизинде тарбияланган гана жаштар алдыга коюлган максаттарды багынтып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого өзүнүн татыктуу салымын кошо алат.

Ошондуктан мамлекеттин жана улут уңгусунун өнүгүүсүндө эне жана үй-бүлөнүн мааниси зор. Урматтуу мекендештер, Сиздер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү күнүмдүк ишмердүүлүгүндө сиздерди унутта калтырбастан, аялдардын укугун жана эриндигин камсыздоо, эне жана баланы коргоо үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алып жаткандыгына ишенсеңиздер болот.

Дагы бир ирет сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайм. Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөдөгү кут-берекени, бардык башталыштарда ийгиликтердин орун алуусун жана тилек-максаттардын аткарылышын каалайм!

Пикир

Оставить комментарий