• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков: Кыргызстан – улуу өлкө, анткени анын Чыңгыз Айтматовдой мыкты инсандары бар

Өкмөт 0

Бишкек, 12.01.18 /Кабар/. «Кыргызстан – улуу өлкө, анткени анын Чыңгыз Айтматовдой мыкты инсандары бар», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-январда, Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кара-Буура районунун Шекер айылындагы белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын ачылыш аземинде. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Чыңгыз Айтматов – XX кылымдын улуу жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын казынасына өз чыгармалары аркылуу чоң салымын кошкон маданияттын белгилүү өкүлү.

«Чыңгыз Айтматов белгилүү жазуучу, заманбап философ катары биздин өлкөбүздү жалпы дүйнө жүзүнө тааныткан. Улуу жазуучубуздун китептери дүйнөнүн 170 ашуун тилине которулган. Биз Кыргызстан дүйнөгө Чыңгыз Айтматов сыяктуу талантты тартуулаганы менен сыймыктанабыз. Ошондуктан биз анын адабий мурастарына тийиштүү баа берилип, анын чыгармачылыгы тууралуу келечек муун билүүсү үчүн колдон келген аракетибизди жасообуз керек. Чет өлкөгө чыкканда мен кайсы мамлекеттен келгенимди сурашат, менин Кыргызстандан экендигимди билишкен соң, көпчүлүгү аны Чыңгыз Айтматовдун мекени катары таанырын толкундануу менен билдиришет», - деди Премьер-министр.

Сапар Исаков маалымдагандай, кечээ Кара-Буура районунун Шекер айылындагы 15 га жерди «Чыңгыз Ордо» маданий комплексин курууга трансформациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тотомуна кол коюлган. Ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен Кара-Буура районундагы жазуучунун туулган Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовдун Үй-музейи реконструкцияланмакчы.

Мындан тышкары, Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын майрамдоого арналган бардык юбилейлик иш-чаралар Кыргызстанда гана эмес, чет мамлекеттерде да жогорку деңгээлде өткөрүлөт. Буга катар Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулат, ал иш-чара 2018-жылкы эл жазуучусунун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралар алкагында өткөрүлмөкчү.

Премьер-министр Өкмөт тарабынан улуу кыргыз жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл жана рухий мурасын жайылтууга бардык күч-аракеттер жумшалат деп ишендирди.

Сапар Исаков кыргыз тараптын демилгеси менен Түрк маданиятынын эл аралык бирикмеси (ТЮРКСОЙ) 2018-жылды – жазуучу Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыялагандыгын маалымдады.

Премьер-министр Сапар Исаков Шекер айылындагы Чынгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп, жазуучунун Үй-музейин көрүп чыкты.

Маалымат: Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына даярдануу жана өткөрүү боюнча Иш чаралар планы бекитилип, ага ылайык, Үчүнчү Ысык-Көл интеллектуалдык форумун, ар кыл дүйнө улуттарынын өкүлдөрүнүн Ч.Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуусу боюнча видеожазууларды уюштуруу, эл аралык театр жана кино фестивалдарды өткөрүү, музейлерди, көргөзмөлөрдү жана башка социалдык-маданий жана эл аралык иш чараларды өткөрүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий