• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков Кыргызстандагы Казакстандын Элчиси Айымдос Бозжигитов менен жолугушту

Өкмөт 0


Бишкек, 08.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 8-февралда, Казастан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитов менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Айымдос Бозжигитовго Кыргызстандагы эки өлкө кызматташтыгын чыңдоого багытталган жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиз менен тыгыз иш алып барууда эки тараптуу өз ара аракетешүүнү бир топ активдештирүүгө жана реалдуу жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүндүктөр түзүлдү. Кыргызстан Сиз аркылуу ишенимдүү шерик таба алды деп ишенем», - деди Сапар Исаков.

Өз кезегинде Айымдос Бозжигитов Кыргызстан жана Казакстан ортосунда жогорку деңгээлдеги ишенимдүү мамилелер орун алгандыгын белгиледи.

«Биздин өлкөлөр соода-экономикалык жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына дейре жогорулатуу үчүн чоң мүмкүндүктөргө ээ. Мен биргелешкен күч-аракеттер аркылуу кыргыз-казак мамилелеринин бардык тармактарында өзгөрүүлөргө жетишебиз деп ишеним билдирем», - деди Айымдос Бозжигитов.

Ошондой эле ал Өкмөттүн «Таза Коом» программасын ишке ашыруу алкагындагы санариптик экономикага өтүү боюнча пландарына жараша Кыргызстандын алдында жаңы мүмкүндүктөр ачылып жаткандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий