• 79.5
  • 81.95
  • 1.41
Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»

Исаков Кытайдын CCTV борбордук телеканалына интервью берди

Өкмөт 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында Кытайдын CCTV борбордук телеканалына интервью берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы кытай-кыргыз өз ара аракеттешүүсү, Кытай - Өзбекстан - Кыргызстан темир жолунун курулушу боюнча, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин демилгеси алкагындагы «Бир алкак - бир жол» кызматташуусу боюнча суроолорго жооп берди.

Мындан тышкары, Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) катышуу алкагында аймактагы экономиканы өнүктүрүү жана коопсуздук маселелери боюнча өз пикирин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий