• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаков өлкөнүн бир катар министрлик жана ведомство жетекчилерине тартиптик жазаларды жарыялады

Өкмөт 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, министрлик жана административдик ведомстволордун бир катар жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу так эмес жана сапатсыз маалыматты бергендиги үчүн төмөнкү чечим кабыл алынды: Төмөнкүлөргө сөгүш жарыялансын:

Самат Бөрүбаевге - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

Уран Ахметовго – Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Бактыбек Секимовго – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы;

Азамат Эркебаевге - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Илияз Ташбаевге - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкару боюнча фонддун статс-катчысы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун кызмат ордун киргизүү жөнүндөгү буйругун аткарбоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге белгиленген тартипте сөгүш жарыяланды.

2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн төмөнкү чечим кабыл алынды:

Төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

Адылбек Касымалиевге – Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Төмөнкүлөргө катуу сөгүш жарыялансын:

Артем Новиковго – Кыргыз Республикасынын Экономика министрине;

Гүлмира Кудайбердиевага – Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри;

Нурбек Мурашевге – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Уланбек Рыскуловго – Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Абдыкалык Рустамовго – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Бактыбек Абдиевге – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

Аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын аткаруу жөнүндө так эмес жана сапатсыз маалымат бергендиги, 2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий