• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.02.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн 27-февралда, маданият жана искусство ишмерлерине адабият, искусство жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө Кыргызстанды чыгармачылыгы аркылуу дүйнө жүзүнө даңазалаган белгилүү маданият жана искусство ишмерлерине сыйлык тапшыруудагы терең сыймыктануу сезимин белгиледи.

«Мен чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, сиздердин талантыңыздарга терең таазим этем. Бул сыйлык сиздердин кыргыз элинин маданий мурасынынын, анын тарыхынын жана каада-салттарынын сакталышы жана өнүгүшүнө кошкон салымыңыздардын таанылышы болуп саналат», – деди Премьер-министр Сапар Исаков жана аларга чыгармачыл ийгиликтерди, бакубатчылыкты жана жаңы идеялардын жаралышын каалады.

Өкмөт башчы адабият, искусство жана архитектура жаатындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты төмөнкү маданият жана искусство ишмерлерине тапшырды:

- Жунушев Каныбек, акын – “Күн чубак” ырлар жыйнагы үчүн;

- Огобаев Талант, сүрөтчү – “Космос любви” картинасы үчүн;

- Садык Шер-Нияз, режиссер-коюучу, сценарист – “Курманжан Датка” тарыхый көркөм фильми үчүн;

- Турдубаев Бакытбек, сценарист – “Курманжан Датка” тарыхый көркөм фильминин сценарийи үчүн;

- Алиев Мурат, оператор – “Курманжан Датка” тарыхый көркөм фильми үчүн;

- Мамбетова Назира, актриса – “Курманжан Датка” тарыхый көркөм фильминде Курманжан Датканын ролун аткаргандыгы үчүн;

- Абай кызы Элина, актриса – “Курманжан Датка” тарыхый көркөм фильминде Курманжан Датканын ролун аткаргандыгы үчүн.

Пикир

Оставить комментарий