• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков мамлекеттик органдардын ресурстарын унаа жолдорун кардан тазалоо үчүн мобилизациялоону тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.01.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-январда, кышкы мезгилде жалпы пайдалануудагы жолдордон унаалардын кенен өтүүсүн камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы катуу жааган кар негизги республикалык трассалардын узак мөөнөткө жабылышына жана өлкө жарандарына ыңгайсыз абал жаратуусуна себеп болбошу керек деп белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов жол кызматтары тарабынан ашуудагы жол тилкелеринде тийиштүү тазалоо иштери жүрүп жатат деп маалымдады. Анын айтымында, автотранспорт кыймылы жыш эсептелген «Төө-Ашуу», «Ала-Бел» жана «Өтмөк» сыяктуу участкаларга кошумча техника тартылган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов «Төө-Ашууда» унаа тыгындарынын алдын алуу жана аны жоюу максатында ар кандай себептерден жолдо калып калган автотранспорттук каражаттардын айдоочуларына жардам көрсөтүү үчүн атайы техника тартылгандыгын маалымдады.

Премьер-министр Сапар Исаков ашуулардагы көйгөй жараткан катаал климаттык шарттардагы жол тилкелерине кошумча түрдө атайы техникаларды мобилизациялоо зарылдыгын белгилеп, ага байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдарга өлкө жолдорундагы унаа каттамын тийиштүү түрдө камсыздоону тапшырды. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кооптуу жол тилкелериндеги кар көчкүлөрүн өз маалында тазалоосу тапшырылды.

Мындан тышкары, Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялар менен биргеликте кышкысын ички авиакаттамдарга бааларды убактылуу төмөндөтүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды, өз кезегинде бул жарандарга унаанын альтернативдүү түрүн тандап алууга мүмкүндүк түзөт.

Пикир

Оставить комментарий