• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков: Мамлекеттик тарых музейине натыйжалуу менеджмент зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 3-апрелде, Улуттук тарых музейинин директору Кеңешбек Алмакүчүковду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Кеңешбек Алмакүчүковду кызматка дайындалышы менен куттуктап, натыйжалуу башкаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Жумушта натыйжалуу менеджментке маани бериш керек. Жаңыланган кооз имарат бул бир, бирок анын ийгилигинин сыры сапаттуу башкарууда. Музейди маданий агартуучу, искусствону өнүктүрүүчү жана инновациялык жай кылуу зарыл. Ал жаштарды, туристтерди, маданий жана искусство адамдарын тарткан жерге айланышы керек. Бүгүн аны популяризациялоо механизмдерин иштеп чыгуу зарыл», - деди Сапар Исаков.

Кеңешбек Алмакүчүков өз кезегинде Улуттук тарых музейиндеги жүрүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий