• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

«Манас» аэропортунун жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 04.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 4-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков аэропортто өткөргөн күтүүсүз рейддин жыйынтыгы боюнча «Манас» эл аралык аэропортунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчысы жарандарды каттоодон өткөрүү, учуруу жана келип түшүү шарттарына нааразы болгонун белгиледи.

Премьер-министр тишелүү мамлекеттик органдарга айдын аягына чейин, бажы контролунун “жашыл” коридорунун туура иштешин камсыз кылуу, кызматкерлерге англис тилинин жөнөкөй негиздерин үйрөтүү, мекеменин дааратканаларын оңдоп-түзөө жана тазалыгын сактоо, ошондой эле келип түшкөн жүргүнчүлөр менен маектешүү учурунда баарлашуу маданиятын жакшыртуунун зарылдыгы тууралуу чек ара жана бажы кызматтарынын өздүк курамы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу абага өткөрүү бекеттериндеги чек ара контролдук системасын өркүндөтүү жана “Таза Коом” долбоорунун алкагында ишке ашыруу максатында, “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторуна “E-гейт” (электрондук дарбазасы) жабдуусун орнотуу – өткөрмө жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, чек арачылардын жүргүнчүлөр менен болгон байланышын жоюу аркылуу паракорчулукту азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тапшыраманы аткаруу ушул жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын чек ара кызматына тапшырылды.

Ошондой эле Өкмөт башчы “Манас” аэропортун оңдоп-түзөө, анын ичинде күтүү залын кеңейтүү, паспорттук көзөмөл пунктарын көбөйтүү жана заманбап желдетүү системаларына өтүү маселесин жарым жылдын ичинде чечүүнү милдеттендирди.

Жыйынга Финансы министри Адылбек Касымалиев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Эл аралык “Манас” аэропорту башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев катышышты.

Пикир

Оставить комментарий