• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков мектептен тышкары билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мектептен тышкары билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жолугушуужа министр Балдарды колдоо жылында мектеп окуучуларын түрдүү ийримдерге тартууну күчөтүү жана аларга өзгөчө көңүл буруу зарылчылыгын белгиледи. Айрыкча оор турмуштук абалдагы жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш алып баруу жакшырышы керектигин айтты.

“Бул борборлордун башкы милдети - балдарды чыгармачылык жактан өнүктүрүү, анын баалуулук багыттарын калыптандыруу, руханий-адептик тарбия берүү, аны коомго аралаштыруу жана заманбап дүйнөдө баланын атаандыштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо болуп саналат”, - деди Исаков.

Министр бул тармактагы көйгөйлөрдү белгилөө менен мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды. Мындан ары ар бир жетекчиден аткарылган демилгелүү жумуштары боюнча үч ай сайын отчет алына турганын билдирди.

“Ар бир жетекчи жасаган жумушуна анализ жасоо менен алдыга конкреттүү пландарды коюшу керек. Араңарда жасаган иши белгисиз, бирок эмгек акы алып отургандар бар. Ал эми жасап жаткан жумуштарды, ийгиликтерди коомчулукка жеткирүүдө аксап жатасыздар”, -деди министр.

Каныбек Исаков жетекчилерге заман талабына ылайык ийримдерди ачуу, уюштуруу менеджментти күчөтүү керектигин кошумчалап, борборлордун балдарды өзүнө тартып турган аурасы, күчү, дарамети болушу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча мектептен тышкаркы 74 билим берүү уюму бар.

Пикир

Оставить комментарий