• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исаков Нарын облустук ооруканасынын бүткөрүлбөгөн имаратынын курулушун жыйынтыктоону тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.12.17. /Кабар/. КРнын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында облустук бириккен оорукананын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Тактап айтканда, Өкмөт башчы медициналык палаталарды кыдырып, япон тараптан грант түрүндө берилген гемодиализ үчүн заманбап аппараттын иши менен таанышып, оорукананын медициналык кызматкерлери жана бейтаптар менен баарлашты.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымдагандай, Нарын облустук ооруканасынын медициналык кызматкерлери үчүн аталган аппаратты пайдалануу боюнча атайы окуу курстары өткөрүлгөн.

Премьер-министр акырындык менен республиканын облустук жана райондук ооруканалары гемодиализ үчүн заманбап аппараттар менен камсыздалышы тийиш экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Сапар Исаков Өкмөт тарабынан өлкөнүн аймактарындагы ооруканаларды реконструкцияло жана модернизациялоо боюнча иштер улантылаарын билдирди.

Аны менен катар Өкмөт башчы Нарын облустук ооруканасынын салынып бүтө элек эки кабаттуу имаратын көрүп чыкты, анын курулушу каржылоонун жоктугунан токтотулган.

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга ыкчам тартипте аталган объекттин курулушун бүткөрүү боюнча сунуш киргизүү тапшырмсын берди.

Пикир

Оставить комментарий