• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков: Октябрдын башында мамлекеттик кызматтардын порталы ишке кирет

Өкмөт 0

Бишкек, 27.09.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Октябрь айынын башында мамлекеттик кызматтардын порталы ишке кирет. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков бүгүн студенттер менен болгон жолугушууда билдирди.

“Мен, 5де же 7-октябрда мамлекеттик кызматтардын порталы тууралуу расмий түрдө ачылыш жасай тургандыгыбызды айтып кетким келет. Муну “Таза коом” долбоорунун алкагында жасалып жаткан алгачкы жетишкендигибиз десек болот. Аталган порталды ишке киргизгенден кийин, сизге керектүү документти алуу үчүн Мамкаттоого же башка маморганга баруунун кереги жок болот. Порталга билдирүү калтырып коюу гана жетиштүү”,-деди Исаков.

Пикир

Оставить комментарий