• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков окумуштууларды Илим күнү менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 10.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-ноябрда, КР Улуттук Илимдер академиясында өткөн Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирди.

Премьер-министр окумуштууларды кесиптик майрамы менен куттуктоодо Өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасында илим өз алдынча багыт катары каралып, анын стратегиялык максаты катары атамекендик илимди өнүктүрүү жана аны эл аралык деңгээлге көтөрүп чыгуу экендигин белгиледи.

«Өкмөттүк программанын «Из калтыруучу илим» бөлүгүндө жакынкы арада өлкөдөгү илимдин мурдагы жогорку деңгээлине жетишүүсүнө карай жол ача турган негизди түзүү пландаштырылууда. Илимий кызматкерлердин кадыр-баркын жана макамын калыбына келтирүү үчүн өбөлгө түзүлөт», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Мындан тышкары, Премьер-министр билдиргендей, «Таза Коом» санариптик трансформациялоо боюнча улуттук долбоордун ийгилиги атамекендик илимдин өнүгүүсүнөн түздөн-түз көз каранды болуп саналат.

Өкмөт башчы кыргыз илимпоздорунун иликтөөлөрү жана ойлоп табуулары өлкө экономикасынын реалдуу секторунда жана социалдык тармагында кеңири пайдаланылуусу керектигин баса белгиледи.

Премьер-министр идеялардын ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн белгилеп, анын натыйжасында өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жаңы деңгээлине алып чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болооруна токтолду.

Жыйынтыгында Сапар Исаков өлкөнүн окумуштууларына чың ден соолук, бакубаттуулук жана иштериндеги ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий