• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исаков окуучуларга ар дайым өздөрүнө ишенүү кеңешин берди

Өкмөт 0

Бишкек, 26.03.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында республикалык мектеп олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанату өттү. Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринин мыкты окуучулары өкмөт башчы Сапар Исаковдун колунан татыктуу сыйлыктарын алышты.

Премьер-министр өзүнүн куттуктоо сөзүндө залда отургандардын кең келечегине зор ишеним көрсөтүп, алардын мугалимдерин өлкөнүн келечеги үчүн татыктуу муунду тарбиялап жатышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Урматтуу достор, мен силер менен жолугушууга чын дилимден кубанычтамын. Бүгүн силердин өмүрүңөрдөгү маанилүү учурлардын бири. Силерге келе жатып, мен өзүмдүн окуучулук күндөрүмдү жана бүтүрүү кечемди эстедим. Бул эң сонун жылдар. Мектептен ишенимдүү жана жакын досторду табасың. Мектепти аяктап жатканыңар өкүнүчтүү, бирок бул жашооңордогу эң маанилүү учур”, - деп баштады Исаков сөзүн.

Ал бул залда өлкөнүн зор бийиктиктерге жетише алуучу эң күчтүү инсандары чогулганын баса белгиледи. Өкмөт башчы балким, отургандардын арасында анын болочок кесиптештери бар экенин айтып, буга сыймыктанарын кошумчалады.

Өз сөзүндө премьер-министр окуучуларга ар дайым өз күчтөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө ишенүүнү кеңеш кылып, туура принциптерди карманууга, оңой жолдорго азгырылбоого чакырды.

Исаков окуучуларга эч кандай кыйынчылыктарга карабастан күчтүү инсан болууга умтулууну каалады.

Куттуктоо сөздөрү жана сыйлыктарды тапшыруудан соң окуучулар үчүн атамекендик эстрада жылдыздары жана фольклордук ансамблдердин майрамдык концерти тартууланды.

Эскерте кетсек, мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы төрт баскыч менен өткөрүлүп ага 2237 окуучу катышты. Жеңүүчүлөр жалпы рейтинг боюнча аныкталып, 53 окуучу жеңүүчү болуп табылды.

Пикир

Оставить комментарий