• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков Ош базарындагы өрт кырсыгынан жабыркаган ишкерлерди кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн, 16-апрелде, Бишкек шаарындагы “Ош” базарындагы өрттөн жапа чекке ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы соодагерлерге колдоо сөздөрүн билдирип, кырсык орун алган соң, дароо өрт кесепетинен түшкөн зыяндын көлөмүн баалоо боюнча комиссия түзүлгөндүгүн маалымдады. Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө комиссия тарабынан жабыркаган ишкерлердин тизмеси түзүлүп жатат.

Мындан тышкары, КР Экономика министрлигине жабыркаган ишкерлерден документ кабыл алууну уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына салыктык карыздарды төлөө мөөнөтүн узартуусу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна үстүбүздөгү жылдын 14-апрелине карата камсыздоо төлөмдөрү жана финасылык санкциялар боюнча төлөм мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу тапшырылды.

Ошондой эле Сапар Исаковдун айтымында, өлкөнүн коммерциялык банктары менен жабыркаган ишкерлердин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо тууралуу тийиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Өкмөт башчы аталган иш боюнча иликтөөнүн жүрүшү анын жеке көзөмөлүндө болоорун баса белгиледи.

Исаков билдиргендей, базар ээлери менен ишкерлер үчүн бардык талаптарды эске алуу менен жаңы имаратты тез арада куруп баштоо боюнча тийиштүү иштер өткөрүлөт.

Буга катар ал базар ээлери менен биргеликте ишкерлерге ижара төлөмдү убактылуу төмөндөтүү иретинде жеңилдиктерди берүү маселеси иштелип чыгаарын билдирди. Бишкек шаарынын мэриясына базар ээлери менен тийиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды. Жолугушуунун жүрүшүндө Сапар Исаков өкмөттүк түзүмдөр тараптан көйгөйлөрдү тез арада чечүү жана жабыркаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн максималдуу күч-аракеттер жумшалаарын дагы бир ирет белгиледи.

Премьер-министр өлкөнүн мамлекеттик органдарына бир катар тийиштүү тапшырмаларды берип, соодагерлерди жакынкы арада дагы бир ирет жолугушууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий