• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков: Парламент кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди үчүнчү окууда колдоду

Өкмөт 0

Бишкек, 28.09.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. КР парламенти Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди үчүнчү окууда колдоду. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, бүгүн парламент өкмөттү 11:00гө чакырып, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди ратификациялоо маселесин караган. “Бүгүн парламент үчүнчү окууда аны жактырды. Бул президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапарынын алдында абдан жакшы жаңылык”, -деди Исаков.

Министрлер кабинетинин башчысы бүгүн Ашхабаддагы Азия оюндарынан спортчулар кайтып келишерин белгиледи. “Биз 8-орунду алдык, мен аларды тосуп алышым керек. Буга байланыштуу биздин жыйын кечки саат 6га которулууда. Мен сиздерди 2,5 саат күтүргөнүм үчүн кечирим сурайм”, - деп билдирди премьер.

Белгилей кетсек, өкмөттүн жыйыны саат 11:00гө пландалган.

Пикир

Оставить комментарий