• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков православдык христиандарды Рождество майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 08.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков православдык христиандарды Рождество майрамы менен куттуктады.

Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдиргендей, өкмөт башчынын куттуктоосунун текстинде төмөнкүдөй айтылат:

«Кымбаттуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жалпы православдык христиандарды Рождество майрамы менен куттуктайм. Көп кылымдык тарыхы бар Рождество майрамы ниеттин тазалыгын, адам жана жаратылыштын биримдигин, сүйүүнү жана келечекке карата жаркын ишенимди билдирет. Рождество майрамы коомубуздун негизги таянычы катары кызмат кылган салттуу руханий баалуулуктардын тегерегине ишеними барларды бириктирет. Рождество – бул кайрымдуулуктун жана мээримдүүлүктүн, камкордукка муктаж болгондорго чын дилинен көмөк көрсөтүүнүн мезгили.

Урматтуу мекендештер,

Кыргыз Республикасында бардык конфессиялар бирдей эсептелгендиктен, ал эми дин туттуу эркиндиги мыйзам деңгээлинде бекитилгендиктен, Рождество майрамы биздин мекендештер – православдык христиандар тарабынан кеңири белгиленет. Муну эске алуу менен, жалпы православдык христиандарды Рождество майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Ушул майрам күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коомубуздун зарыл социалдык көйгөйлөрүн чечүүдө, жаштарды тарбиялоодо жана көөнөрбөс жалпы адамзаттык баалуулуктарды жайылтууда конфессия аралык пикир алмашууга, салттуу диний уюмдар менен өз-ара аракеттешүүгө өзгөчө маани берээрин баса белгилеп кетким келет. Майрам күнү православдык христиандарга, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандарына тынчтык, бакыт-таалай жана иштериндеги ийгиликтерди каалайм».

Пикир

Оставить комментарий