• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков РФ Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 15.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 15-декабрда, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Жолугушунун жүрүшүндө Өкмөт башчы акыркы мезгилдерде кыргыз-орус мамилелери жаңы сапаттуу баскычка чыккандыгын жана стратегиялык мүнөзгө ээ экендигин канагаттануу менен белгиледи.

«Россия Федерациясы менен кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Премьер-министр катары Өкмөттүн ишинде кыргыз-орус мамилелерин чыңдоого жана ар-тараптан өнүктүрүүгө багытталган аракеттин ырааттуулугу камсыздалаарын белгилеп кетким келет», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Мындан тышкары, Премьер-министр россиялык тарапка Кыргызстанга көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана бүгүнкү жолугушуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө дем берээрине ишеним билдирди.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович белгилегендей, ал Кыргызстанга Премьер-министр Сапар Исаковдун Россия Федерациясына үстүбүздөгү жылдын сентябрь айындагы расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууга ылайык, ошондой эле кыргыз-орус аймак аралык конференциясына катышуу үчүн келген.

Ал РФ Президенти Владимир Путиндин жана РФ Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевдин атынан салам жолдоду.
Аркадий Дворкович соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнүн оңдуу динамикасын канагаттануу менен белгиледи.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары маалымдагандай, конференция ишинин алкагында так инвестициялык долбоорлор, мамлекет аралык деңгээлде ишке ашырылып жаткан демилгелер жана өлкөлөр ортосундагы аймак аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темаларын, Евразия экономикалык биримдиги алкагындагы кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүү боюнча чараларды, ошондой эле эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссияларынын ишин талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий