• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков: «Өсүү темпи экономиканын дээрлик бардык тармактарында сакталууда»

Өкмөт 0

Бишкек, 23.02.18. /Кабар/. «2017-жылкы экономикалык өсүш күтүлгөндөн жогору болду. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүүсү боюнча алгачкы позицияларды ээлегенин белгилеп кетким келет.Өсүү темпи экономиканын дээрлик бардык тармактарында сакталууда», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 22-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинин жүрүшүндө.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2017-жылдын жакшы жыйынтыктарына карабастан, алдыбызда калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жаңы өндүрүштү жана жумушчу орундарын түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана Евразия экономикалык бирлигинде интеграцияны тереңдетүү боюнча ири маселелер турат.

«2018-жылга Өкмөттүн саясатынын негизги максаты экономикалык өсүүнүн оң динамикасын сактоо жана улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүн жогорулатуу аркылуу макроэкономикалык туруктуулукту сактоо болот.Элдин экономикалык жыргалчылыгын, социалдык жетиштүүлүгүн, коопсуздук жана ылайыктуу шарттарды камсыздоо боюнча үч негизги багыттан турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаны доорго - кырк кадам 2018-2023” программасын эффективдүү ишке ашыруусу, ошондой эле санариптик трансформация боюнча жогорку технологиялык долбоорлорду илгерилетүү жана Программанын алкагында ачык жана таза мамлекетти куруу Өкмөттүн алдындагы негизги максаттарынан болуп саналат», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт өнөр жайды, агроөнөржай комплексин, кооперацияны жана турукту туризмди өнүктүрү боюнча чараларга басым жасайт.

«Кичи жана орто бизнес үчүн административдик тоскоолдуктарды төмөндөтүү, экономикалык инфраструктура сапатын жакшыртуу жана арзан жана узак мөөнөттүү финансы ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча чаралар кабыл алынат. Өкмөт инвестицияларды тартуу, «Бизнес жүргүзүү» эл аралык рейтингиндеги өлкөнүн позициясын жакшыртууга чоң көңүл бурат», - деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы энергетикадагы азыркы абалды жана сектордогу түйүндүү маселерди эсепке алуу менен өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун жокко чыгаруу боюнча эффективдүү иш-чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Буга байланыштууКыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу Мамлекеттик комитетине төмөнкүлөр тапшырылды:

− 2018-жылдын 1-июнуна чейин «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коому менен бирге бардык жылуулук менен камсыз кылуу системасын жана электр таратуучулардын техникалык абалын комплекстүү талдап жана приоритеттүү участокторду реконструкциялоо/реабилитацилоо, күзгү-кышкы сезондон өтүү жана камсыз кылуу боюнча сунуш киргизүүсү;

− 2018-жылдын 1-августуна чейин үстүбүздөгү жылдагы жаан-чачындын аз жаашын эске алуу менен Токтогул суу сактагычында күзгү-кышкы мезгилде калкты жана экономиканын секторлорун өнүктүрүүгө үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн сууну толуктоо чараларын иштеп чыгууну токтоосуз баштоосу тапшырылды.

Мындан тышкары, Премьер-министр белгилегендей, алдыда турган эң биринчи милдеттердин бири - бул жазгы талаа жумуштарын сапаттуу өткөрүү. Анын айтымында, 2017-2018-жылдары кыш мезгилинде жаан-чачын аз жаады, бул 2018-жылы түшүмдүүлүктүн азайышына алып келиши мүмкүн.

«Буга байланыштуу тийиштүү министрлик сугат менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн сууну толуктоо боюнча чараларды кабыл алуусу, жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү, ички чарба арыктарын тазалоо жумуштарын өзгөчө көзөмөлгө алуусу жана жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн сапатуу жер семирткичтерди, күйүүчү майлоочу майларды өз убагында жеткирүүнү камсыз кылуусу зарыл», - деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Сапар Исаков “Таза коом” санариптик трансформациялоо программасы Өкмөттүн программасынын негизги компоненти болуп саналаарын баса белгиледи.

«Мамлекеттердин, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин санариптик экономикаларынын дүйнөдөгү тенденцияларын эске алуу менен, заманбап технологияларды үйрөнүү жана ишке киргизүү боюнча иштерди күчөтүү керек. Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 2018-жылдын 15-сентябрына чейин орто жана узак мөөнөткө санариптик экономиканын Концепциясынын долбоорун иштеп чыгууну жана жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүүнү тапшырам», - деди Сапар Исаков.

Ошондой эле Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, 2018-жылды бардык аракеттер калктын жашоо турмушун, аймактардын экономикалык абалын, атаандаштыкты, инвестиция жана бизнес чөйрөсүн жакшыртууну көздөгөн аймактарды өнүктүрүүгө багытталат.

Буга байланыштууСапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 2018-2023-жылдарга региондордун орто мөөнөттүү өнүгүүсү боюнча программасын иштеп чыгууну тапшырды.

«Бекитилген болжолго ылайык, 2018-жылы экономикалык өсүү 3,6% түзүүсү керек. Ошондуктан биз 2017-жылдын жыйынтыгын эске алуу менен туруктуу экономикалык өсүүнү сактап калып жана бардык болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыз кылуубуз зарыл», - деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий