• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков: Салыкты фискалдаштыруу боюнча маанилүү реформалардын үстүндө иштеп жатабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 14.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 13-февралда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев аймактын 2017-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле 2018-жылга карата пландары тууралуу маалымат берди.

Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салимжан Хамрабаев аймакты өнүктүрүү программасы, ирригациялык тармактарды, тамак-аш өнөр жайын, эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү жана калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, аймактын 202 айылынын 30у гана интернет-байланыш менен камсыздалган. Жалпы облусту Интернет менен камсыздоо үчүн болжол менен 60 млн сом керектелет. Мындан тышкары, 42 айылда мобилдик байланыш жок.

Өкмөт башчы чогулгандарга аткарылган иш үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, аймакты өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо өткөн кеңешменин жыйынтыгы боюнча Баткен облусун өнүктүрүү боюнча жумушчу пландар иштелип чыккан.

«Жалпы бардыгыбыз планды ишке ашырууга күч-аракетибизди жумшообуз зарыл. Биз сиздер менен өлкө өнүгүүсү үчүн бир багытта иш алып бара жаткандыгыбыз абдан маанилүү. Учурда биз салыкты фискалдаштыруу боюнча маанилүү реформалардын үстүндө иштеп жатабыз, бул каражаттарды көмүскөдөн алып чыгууга жана тийиштүү түрдө бюджетти толтурууга мүмкүндүк берет. Биз онлайн эсеп фактураларын жана контролдук-кассалык аппараттарды ишке киргизебиз», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, Баткен облусу үчүн өзгөчө 3 кадам маанилүү: «Таза Суу», анткени ичүүчү суу жарандардын жашоосунда чоң мааниге ээ; ирригация боюнча кадам, анткени бул аймакты жана агроөнөржай тармагын өнүктүрүү үчүн манилүү; жана «Таза Коом» кадамы чоң мааниге ээ.

«Биз бул үч кадам алкагында жарандарыбыздын бакубаттуулугу үчүн иш алып баруубуз керек, анткени, алар Баткен облусун өнүктүрүү үчүн өзгөчө маанилүү», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Ошондой эле Премьер-министр белгилегендей, коңшу мамлекеттер менен достук мамилелерди сактап, өнүктүрүү зарыл.

«Баткен облусу эки мамлекет менен чектешет, сиздер коңшулар менен достук мамилени өнүктүрүүңүздөр, биргелешкен иш-чараларды өткөрүп турууңуздар маанилүү», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт тарабынан аймактарды өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга багыт алынган. Ал жер-жерлерге чыгып, кызыкдар инвесторлор менен жеке жолугушууларды өткөрүп жаткандыгын белгиледи.

«Биз дүйнөлүк аты бар ири эл аралык компаниялар менен алардын Кыргызстанга келүүсү тууралуу сүйлөшүп жатабыз. Алар биздин өлкөдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдей башташты. Биздин жарандардардын өлкөдөн кетпей, жана татыктуу жашоого мүмкүнчүлүгү болуусу үчүн бүгүнкү күндө жаңы жумуш орундарын түзүү абдан маанилүү. Бишкек бүгүн жигердүү өнүгүп жатат, көбү бул жакка региондордон келишүүдө. Бул – урбанизация процесси, ал дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө жүрүп жатат. Бирок региондорду өнүктүрүү үстүндө да иштешибиз керек, биздин жарандар аймактарда ынгайлуу шарттарда жашап, бизнесин өнүктүрүп, татыктуу эмгек акы алып жана бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө, таза сууга, билим алууга жана саламаттык сактоого жеткиликтүүлүк болушу зарыл», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Ал ошондой эле жарандар өздөрүн коопсуздукта экенин сезүүсү маанилүү экендигин өзгөчө белгилеп кетти.

«Мен өзүм региондорду дайыма кыдырып, жетекчилик жана жарандар менен жолугуп турам. Биз көптөгөн маселелерди ыкчам чечүүдөбүз. Узак мөөнөттүк пландарды мен инвестор жана донорлорлор менен жолугушуу учурунда сүйлөшүп жатам».

Өкмөт башчы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, анын ичинде инвесторлор менен да таза, ачык иш алып барууга чакырды.

«Биз инвесторлор менен таза жана адилеттүү иштешибиз керек. Эгерде компаниянын бардык документтери ордунда болсо жана ал таза иштеп жатса, биз ага иш жүргүзүүгө шарттарды түзүшүбүз керек. Эгерде кандайдыр бир көйгөйлөрү болсо, биз ал тууралуу ачык айтып жана аларды жоюунун үстүндө иштешибиз керек», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Сөз сүйлөп бүткөндөн кийин Премьер-министр өлкөнүн тышкы карызы, жолдордун курулушу жана социалдык объектилер, жерлердин трансформацияланышы, пенсия жана жөлөкпулдарга тийиштүү суроолорго жооп берди.

Коллегиянын жыйынтыгы менен Премьер-министр тийиштүү органдарга орун алган көйгөйлөрдү изилдеп жана аларды чечүү үчүн сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.

Өкмөт башчы резиналык буюмдарды чыгарган «Асыл Таш Плюс» ЖЧКнын продукциясы менен таанышты. Ишкананын өндүрүү кубаттуулугу суткасына 2400 жупту түзүп, сатылуу рыногу – Бишкек, Ош жана Алмата шаарлары саналат. Бажыда орун алган көйгөйлөр тууралуу маалымат айтылгандыгына байланыштуу Сапар Исаков маселени иликтеп жана чечүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле Премьер-министрге үй ашканасында колдонулган электр күнүмдүк шаймандарды чыгарган «Матати» ЖЧК продукциясын: электр меш (духовка) жана жылыткычтарды көрсөтүштү. Андан тышкары кызылкыялык «Агропром» ишканасынын продукциясын, консерваланган продукциялардын өндүрүшүн жана экспорттолушун көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий