• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Исаков Schneider Electric жетекчилиги менен кызматташуу мүмкүнчулүктөрүн талкуулады

Өкмөт 0


Бишкек, 07.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Schneider Electric» компаниясынын Россия жана КМШ боюнча президенти Йохан Вандерплаетсе, вице-президенти Роман Шмаков, Казакстан жана Борбор Азия боюнча башкы директору Максим Агеев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика, энергиянын жаңыланган булактары жаатында, ошондой эле «Таза Коом» улуттук программасы алкагында санариптик трансформация боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

«Таза Коом» долбоору алкагында биз тажрыйбалуу, беделдүү жана инфраструктуралык МКТ долбоорлордо тийиштүү экспертизасы бар коммпаниялардын катышуусуна, бизнес үчүн санариптик тутумда иштөө шартын түзүүгө, ошондой эле жергиликтүү адистердин мүмкүндүгүн жогорулатууга кызыкдарбыз», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Йохан Вандерплаетсе белгилегендей, компания санариптик трансформация боюнча долбоорлорго катышууга кызыкдар: «Кыргызстандын жалпы Борбор Азия аймагы үчүн маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу боюнча лидер болуп калуусуна чоң мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн өлкөдө бардык шарттар: табигый муздатуу, жеткиликтүү электр энергиясы жана адамдык потенциал бар. КР Өкмөтүнүн санариптештирүү боюнча пландары амбициялуу жана учур талабына жооп берет».

Андан соң Премьер-министр адистерди энергетика жана маалыматтык технологиялар жаатында окутуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу Schneider Electric өкүлдөрү Өкмөт башчыга жергиликтүү адистердин төмөнкү кубаттуулук жана жогорку кубаттуулук боюнча билимин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Алсак, 5-февралда, компания жана Раззаков атындагы КМТУ ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлган, ага ылайык, Schneider Electric келечек инженерлерди окутуу үчүн жабдуу берип, тийиштүү лабораторияны ачат.

Маалымдама: Schneider Electric энергияны башкаруу жана турак-жайлар, имараттар, маалымат иштеп чыгуу борборлору, инфраструктура жана өнөр жай үчүн автоматташтыруу тармактарын санариптик трансформациялоо боюнча дүйнөлүк таанымал эксперт болуп саналат. Компания дүйнөнүн 100 ашуун өлкөсүндө иш алып барып, электр энергиясын жана автоматташтыруу тутумун башкаруу тармагында алдыңкы орунду ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий