• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Исаков ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Сочиге келди

Өкмөт 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-ноябрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин (ШКУ ӨБК) 16-жыйынына катышуу үчүн келди. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Сочи шаарынын эл аралык аэропортунда Өкмөт башчыны Краснодарск крайынын вице-губернатору Василий Швец тосуп алды.

Өкмөт башчынын ШКУ ӨБК кеңешинин жыйынына катышуу алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүүсү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, жыйындар тар жана кеңейтилген курамда өтөт, анда ШКУга мүчө-мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чаралар, ШКУга мүчө-мамлекеттердин ар тараптуу соода-экономикалык кызматташтык Программасын аткаруу боюнча Иш-чаралар планынын ишке ашырылышы, 2017-2021-жылдарга Уюм алкагында долбоордук ишти мындан ары өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы, ШКУ алкагындагы долбоордук иштерди финансылык жактан камсыздоо механизмдери ж.б. маселелер талкууланмакчы.

Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлушу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий