• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков Швейцарияга Бүткүл дүйнөлүк форумга катышууга учуп кетти

Өкмөт 0

Бишкек, 22.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков Швейцарияга Бүткүл дүйнөлүк форумга катышууга учуп кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Форумдун 48-сессиясы Давосто 22-25-январда өтөт.

Өкмөт башчынын экономикалык форумга катышуусунун алкагында бир катар эки жактуу, анын ичинде ири эл аралык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуулар күтүлүүдө.

КР делегациясынын курамына КРнын Швейцариядагы элчиси Данияр Мукашев, премьер-министрдин кеңешчилери Талант Султанов жана Гульнура Торалиева, өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана “Кыргызтелеком” ААК Директорлор кеңешинин төрагасы Азиз Солтобаевдер кирген.

Пикир

Оставить комментарий