• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков «Түнкү кырсык» тасмасынын чыгармачыл тобуна алкыш жарыялады

Өкмөт 0


Бишкек, 13.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 13-январда, Эстониянын Таллин шаарында өткөн «Темные ночи» - «А» классындагы Эл аралык кинофестивалында Гран-При сыйлыгына ээ болгон «Түнкү кырсык» тасмасынын чыгармачыл тобуна алкыш жарыялады. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, атамекендик кинематографисттер өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошууда.

Сапар Исаковдун айтымында, Кыргыз Республикасы ар дайым кинематографисттери жана мыкты тасмалары менен сыймыктанып келген.

Өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасында атамекендик киномектепти түзүүгө арналган атайы кадам каралган.

«Биздин максатыбыз - өлкөдө искусствону, кинону, ошондой эле актер жана режиссерлордун жеке өсүүсүн өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн кыргыз киносунун мурдагы атагын кайтаруу болуп саналат. Кино аркылуу биз дүйнө жүзүнө кайталангыс өлкөбүздү тааныта алабыз. Ошондуктан биз киномектепти өнүктүрүүгө орчундуу каражаттарды салабыз. Бирок алгач кинематографисттердин иштөөсү үчүн материалдык жана инфраструктуралык жаатта бардык шарттарды түзүүбүз керек. Сиздер заманбап жана бардык тийиштүү жабдуулар менен камсыздалган имаратка келип, чыгармачылык менен алектенишиңиздер зарыл. Учурда киноиндустрияны өнүктүрүү үчүн бөлүнүп жаткан каражаттар кинематографияны өнүктүрүүдө жетишсиз болуп саналат. Биз киноиндустрияга салмактуу каражаттарды бөлөбүз жана ал аталган тармакты өнүктүрүүдө революциялык кадам болуп калат», - деп белгиледи Премьер-министр.

Жолугушунун жүрүшүндө Премьер-министр бир катар кино ишмерлерине өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Алсак, атамекендик кинону өнүктүрүгө кошкон салымы үчүн төмөндөгүлөргө алкыш жарыяланды:

- Бирназаров Темирбек – коюучу-режиссер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти;

- Абдыкалыков Акылбек - Кыргыз Республикасынын эл артисти;

- Исманов Байышбек – коюучу-сүрөтчү;

- Хамидов Кобилжон – коюучу-оператор.

«Түнкү кырсык» тасмасынын дүйнөлүк премьерасы 2017-жылдын 26-ноябрында Таллин шаарында өткөн «Темные ночи» - «А» классындагы Эл аралык кинофестивалынын башкы сынагында орун алган. «Түнкү кырсык» улуттук көркөм фильми 2017-жылдын башында Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясында тартылган.

Тасма киностудиянын бекитилген чыгармачыл-өндүрүштүк программасына ылайык, 100% мамлекеттик каржылоо аркасында «Кыргызфильмдин» учурдагы техникалык базасын пайдалануу менен тартылган. Фильмди тартууга 10 ай керектелген. Кыргыз тилиндеги тасманын узактыгы 90 мүнөт саналып, фильмдин сметалык наркы - 6,0 млн сомду түзгөн. Тасма Ысык-Көл жээгинде тартылган. Башкы ролдордо – Кыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыков жана киноактриса Дина Джейкоб.

Пикир

Оставить комментарий