• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Рамиль Гасанов менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 8-декабрда, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Рамиль Гасанов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Уюм алкагындагы өз-ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, кыргыз тарап Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешине мүчөлүгүнө чоң маани берет, анткени Уюмга мүчө-өлкөлөрдү жалпы маданияты жана тили бириктирет.

Сапар Исаков Рамиль Гасановдун түрк тилдүү өлкөлөрдүн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз-ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүдө жана чыңдоодогу маанилүү ордун белгиледи.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Рамиль Гасанов Түрк кеңешинин катчылыгынын үстүбүздөгү жылга карата аткарган иштеринин жыйынтыгы жана жакынкы келечекке болгон пландары тууралуу айтып берди. Ал маалымдагандай, Бишкекке түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын 7-пленардык жыйынына катышуу үчүн келген.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстанда 2018-жылы өткөрүлүүсү пландаштырылып жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн Мамлекет башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүгө даярдыктарды талкуулады.

Ошондой эле Кыргызстанда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн транспорт жана билим берүү министрлеринин кеңешмелерин өткөрүү мүмкүндүгү талкууланды.

Буга катар Рамиль Гасанов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин жана Аксакалдар кеңешинин учурдагы иши тууралуу айтып берди.

Премьер-министр Сапар Исаков өлкө Өкмөтү Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү жаатында активдүү ишти улантаарын өзгөчө белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий