• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков Талас облусунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды ачты

Коом 0

Талас, 12.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнү ачты.

Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнүн расмий аземи Талас облусундагы жазуучунун туулган айылы Шекер айылында башталды.

Журналисттерге маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов айтып бергендей, 2018-жыл бою Кыргызстан боюнча иш-чаралар өтөт. Улуу жазуучунун маарекеси улуттук жана эл аралык деңгээлде өткөрүлөт.

“Айтматовдун 90 жылдыгына карата 80 млн сом каралган. Мындан тышкары демөөрчүлөр тарабынан каржыланат. Жалпысынан айтматовдук окуулар, илимий конференциялар, эстелик тургузуу, көчөлөргө ысым берүү, Айтматовдун пьесаларын коюу каралган”, - деди ал.

Жумагулов 2018-жылды ТҮРКСОЙ уюму Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаганын билдирди.

“Бул Айтматовду дүйнөгө таанытуу үчүн көп каражат бөлүнгөнүн билдирет. ТҮРКСОЙго кирген өлкөлөрдө дагы жогоркудай иш-чаралар өтөт”, - деп түшүндүрдү ал.

Маданият министри Талас облусунун Шекер айылында “Чыңгыз-ордо” курулушу үчүн 20 гектар жер бөлүнгөнүн маалымдады.

“Бирок буга бир жыл жетпейт, себеби өтө ири каражат керек. Бул “Манас-ордо” сыяктуу борбор болот”- деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков Талас облусунда иш сапары менен жүрөт. Өкмөт башчы облустун бир катар объекттерин кыдырмакчы.

Пикир

Оставить комментарий