• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаков «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында ишембиликке катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 24.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн 2018-жылдын 24-мартында, «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын аймагындагы ишембиликке катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, үч ай аралыгында өткөрүлчү ишембиликтерде көчөлөр, ирригациялык тармактар тазаланып, парктар жашылдандырылып, көптөгөн аймактар көрктөндүрүлөт.

«Бул мезгил ичинде биздин мамлекет өзгөрүлөт. Алыскы аймактарда да тургундар өз аймактарын тазалоодо. Бул салтка айландырылып, ар жыл сайын үч айлык жарыяланат. Жылдан-жылга өлөкөбүз көркүнө чыгат. Учурда тийиштүү мамлекеттик органдар жаңы курулуш ченемдерин жана эрежелерин даярдоо боюнча иш алып барууда, өз кезегинде бул шаарыбыздын тышкы көрүнүшүнө да жагымдуу таасир калтырат», - деди С.Исаков.

Белгилесек, бүгүн Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын аймагындагы «Таза Жашоо» улуттук кампаниясын коомдук жана жаштар уюмдарынын, мамлекеттик органдардын 400 ашуун өкүлү колдоого алып келишти. Ошондой эле ишембиликтин катышуучуларына атамекендик эстрада жылдыздары да келип кошулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Премьер-министр Сапар Исаков жана жалпы ишембиликке келгендер Ботаникалык бактын аймагын тазалоого катышты.

Эскертсек, 2017-жылдын декабрь айында Сапар Исаков жумушчу кеңешмеде жыл бою анын жеке көзөмөлү астында Ботаникалык бакты калыбына келтирүү долбоору жыйынтыкталышы тийиштигин белгилеген. Кеп Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын өрт жана санитардык коопсуздук тутумун, сугат тутумун ирээтке келтирүү, бактын аймагынын чектерин юридикалык жактан бекитүү, анын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн эл аралык байланыштарды жайгаруу, ошондой эле бактын илимий потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алуу тууралуу жүрүүдө.

Белгилесек, бүгүн, 24-мартта, «Таза Жашоо» улуттук кампаниясы алкагындагы иш-чаралар Бишкек шаары боюнча 10 аймакта өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий