• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Исаков «Токуда» жапон фондунун директорлор кеңешинин төрагасы менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 05.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков «Токуда» коомдук фондунун (Жапония) директорлор кеңешинин төрагасы Мари Токуданы кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Жолугушууга Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Есихиро Ямамура катышты. Тараптар саламаттыкты сактоо жаатындагы биргелешкен кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Өкмөт башчы «Токуда» фондуна Нарын облустук ооруканага гемодиализ аппаратын тартуулагандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында, бул өлкөнүн жарандары үчүн абдан маанилүү жардам.

Премьер-министр Өкмөт тарабынан мындан ары дагы бөйрөк дарттарын алдын алуу боюнча жана жарандарды сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылууга өзгөчө маани берилерин баса белгиледи.

«Токуда» коомдук фондунун директорлор кеңешинин төрагасы Мари Токуда жолугушуу үчүн Өкмөт башчыга ыраазычылыгын билдирип, жана анда белгиленген маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин тастыктады.

Премьер-министр Мари Токудага саламаттыкты сактоо жаатындагы өз учурундагы жардамы, ошондой эле Кыргызстан менен Жапония ортосундагы достук жана кызматташтыкты бекемдетүүгө кошкон салымы үчүн анын атасы – «Токушюкай медикал корпорейшн» медициналык мекеме топторунун башкармалыгынын төрагасы Торао Токуданы жана Кыргызстандын Жапониядагы ардактуу конусулу Масахару Мидзусакону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо чечими кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий