• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков: Тоолуу аймактардын тургундарын жеткиликтүү медициналык тейлөө жана билим берүү мекемелери менен камсыз кылуу зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. «Тоолуу аймактардын тургундарын жеткиликтүү медициналык тейлөө жана билим берүү мекемелери менен камсыз кылуу зарыл»,-деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 25-сентябрда, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга курулуп жаткан турак үйлөрдүн абалы менен таанышуу учурунда. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Өкмөт башчы Кара-мык айылындагы 1985-жылы курулуп, 610 балага ылайыкталган В.И. Ленин атындагы мектептин абалын көрдү. Курулгандан баштап мектепте оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Жыл сайын жергиликтүү бюджеттен ремонт иштерине атайын каражат бөлүнгөнү менен бул аракет, маселени толук чече албай жатат.

Абалды көрүп чыккан Сапар Исаков мекемени капиталдык оңдоодон өткөрүү керектигин тапшырды. Премьер-министр окуу поцессинин журүшүндө айрым класстардагы окуучулар менен баарлашты. Сүйлөшүү маалында ал жакынкы аралыкта мектепте оңдоо иштери башталып, алар заманбап шарттары менен болгон мектепте билим аларын кошумчалады.

Андан ары Өкмөт башчы Кара-мык айылындагы 15 орунга ылайыкталган ооруканынын абалы менен таанышты. Учурда оорукананын дубалдары оңдолуп, электромонтаждык иштер журүп жатат. Сапар Исаков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине ишти тездедип, жакын арада оорукананы толук ишке киргизүүнү милдеттендирди.

Андан ары Өкмөт башчы Кулчу айылындагы 150 окуучуга ылайыкталган эки кабаттуу мектептин абалы менен таанышып чыкты. Аталган мектепте учурда оңдоо иштеринин жарымы аяктап калды. Абалды көрүп чыккан Өкмөт башчы ишти чукул арада, суук түшкөнгө чейин бүткөрүүнү тапшырды.

Сапар Исаков Чак айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушу менен таанышып чыкты жана 2018-жылдын январь айына бул аяктоону камсыз кылуусуна буйрук берди.

Сапар Исаков Чак айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушу менен таанышып чыкты жана 2018-жылдын январь айына бул аяктоону камсыз кылуусуна буйрук берди. Мындан тышкары, бул мектептин сырткы бөлүгүнүн чакан ремонтун тезинен жүргүзүүсүн жана чектеш аймагын жашылдандыруу иштерин жүргүзүүсүн тапшырды.

Ошондой эле, Өкмөт Башчысы Кашка-Суу айылындагы мектеп курулушу менен таанышып чыкты. Долбоор 375 студент оруну үчүн үч кабаттуу мектеп имаратынын курулушу камтыйт.Премьер-министр курулуш иштерин этабы менен бүтүрүп, анын сапатына өзгөчө көңүл буруп, 2018-2019-окуу жылы башталганга чейин ишти аягына чыгарууну тапшырды.

Премьер-министр Сапар Исаков климаттык шарттарды эске алуу менен аймактардагы социалдык жана билим берүү объектилерин тез арада бүтүрүп, ишке киргизүү зарылдыгына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий